Бүгүн, 14-февралда саат 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун Көкарт ашуусу тушуна көчкү түшүп, үч адам дайынсыз жоголду.
Көчкү «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү «Нива» унаасы, жүктөгүч, 2 экскаватор унааларын басып калган.
Жерине ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ — жалпы 20 куткаруучу тартылган.
ӨКМ кызматкерлерине «Чайна Роуд» ишканасынын 4 жүктөгүчү, 30 жумушчусу жардам берип жатат.
Учурда карды тазалоо, басылып калган унааларды, 3 жумушчуну издөө иштери жүрүүдө.