Биз менен байланышыңыз

Баасы эки эсе кымбаттаган жер семирткич дыйкандарды түйшүккө салууда

Коом , Экономика | 14 Фев 2022 | 1972 | 0

Быйыл минералдык жер семирткичтердин баасы эки эсе кымбаттады. Өткөн жылы орто эсеп менен 22 сом болсо, быйыл 45 сомго чейин жогорулады. Жер семирткичтердин кымбатташы дыйкандардын нааразычылыгын жаратып, мамлекеттен арзандатып берүүнү суранышууда. Ал эми мамлекет тарабынан бааны жөнгө салуу максатында кандай иш-аракеттер жүрүп жатат? 

Өзгөн районун тургуну Нурланбек Эшмамалиев бир топ жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Ал 15 гектар жерине күрүч, арпа жана буудай айдайт. Быйыл минералдык жер семирткичтердин баасы кымбат болуп жатканына байланыштуу ишин баштай элек.

«Учурда дыйкандардын эч кимиси бул бааны көтөрө албайт. Карбамиддин баасы 55 сомго, селитранын баасы 50 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Бул баа — дыйкандар үчүн коркунучтуу. Айылда дыйканчылык менен алектенген эл да бул баага макул эмес. 21-22 сомдон дароо 40-45 сомго көтөрүлүп кетиши кыйын болууда. Жер семирткичтерден сырткары да бир канча чыгаша бар. Кийин актата албай калуу коркунучу да турат. Ошондуктан быйыл жер айдоо иштерин баштай элекпиз. Эч ким аракет да кыла элек. Бул дыйкандардын ишин бир топ артка тартып, аксатып жатат».

Кыргызстанда бүгүнкү күндө дыйкандар жер семирткичтин 3 түрүн колдонот:

  • аммиактуу селитра 45 сом;
  • карбамид 50 сом;
  • аммофос жер семирткичи 60 сом.

Кыргыз жер семирткич ташып келүү ассоциациясынын төрагасы Эрлист Акунбеков минералдык жер семирткичтердин эмне себептен кымбаттаганын төмөндөгү факторлор менен байланыштырды:

«Дүйнөлүк рынокто жаратылыш газынын, башка чийки заттардын кымбатташы жер семирткичтин өздүк баасынын көтөрүлүүсүнө алып келди. Өзбекстан, Казакстан, Орусиядагы өндүрүшчүлөр да кымбаттатып жиберди. Ошонун эсебинен Кыргызстанга да кымбат баада келип жатат. Негизи өлкөдө жер семирткичтердин жетиштүү көлөмдө запасы бар. Элдин арасында бир топ пикирлерди, дыйкандардын да нааразычылыгын жаратып жатат».

Айыл чарбасы — өлкө экономикасынын алдыңкы тармактарынын бири. Анын ички дүң продукциясынын үлүшү болжол менен 20 пайызды түзөт. Ошондой эле айыл чарба тармагында калктын 40 пайызы иштейт.

Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов минералдык жер семирткичтердин баасынын кымбатташын токтотуу үчүн атайын өкмөттүк тескеме даярдалганын айтты.

«Мамлекеттик сатып алуу деп министрлик атайын өкмөттүн тескемесин даярдады. Учурда өкмөттө турат. Ошол тескеме бекитилсе, Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу боюнча иш жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө алардын баасынын кымбатташын токтотуу же болбосо туруктуулугун кармоо боюнча иштер жүрөт. Учурда жер семирткичтерди ташып келүүчү жеке ишканалар завод иштеп баштаса эле алып келип башташат. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздеги жер семирткичтердин баасы төмөн болот».

Кыргызстан боюнча биринчи жазгы талаа жумуштары үчүн план боюнча 1-мартка чейин 50 миң тонна жер семирткич чачуу керек болчу. Алар Орусиядан, Казакстан жана Өзбекстандан ташып келинет.

Өлкө аймагында 600 дыйкан чарба жана 3 миңден ашуун фермердик чарба бар.

Copyright © 2017 Maral FM