Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтада окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түштү

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 229 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кара-Балта шаарында окуучулар мушташып, бири ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

13-февралда кечки саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балтадагы стадиондо жаш балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол эле күнү 2007-жылы туулган Д.А. аттуу бала жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылганы кабарланган. Бул факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө катталган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы эки мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада 2007-жылы туулган Д.А. аймактык ооруканага жеткирилген. Анын апасы баласын сабагандарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Мушташка катышкан бардык катышуучулардын аты-жөнү такталган.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM