Биз менен байланышыңыз

Молдомуса Конгантиев акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 870 | 0

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин сөөгү бүгүн, 14-февралда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында өткөн коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талантбек Мамытов, Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана маркумдун жакындары келишти.

Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын генерал-лейтенанты.

Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык ИИБнин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облустук ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында ички иштер министри болуп дайындалган. КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM