Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Апрелде мамкызматкерлердин айлык маянасы жогорулайт

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 386 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Анда министрликтин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2022-жылга карата пландары тууралуу маалымат угулду.

Жапаров белгилегендей, бюджеттик, салыктык жана жалпысынан финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктайт.

“Биздин өлкө үчүн жаңы этап келе жатат, биз өзүбүзгө чоң милдеттерди алдык. Өткөн жылы көп иштер аткарылды. Аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөкпулдарды, айлык акыны жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга олуттуу каражаттар багытталды, бул каражаттардын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болушу керек. Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек”, — деп белгиледи Жапаров.

Ал ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM