Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мамлекет салыкты так төлөгөн ишкерлерди колдоого алат

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 673 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Кыргызшампаны» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Акылбек Жапаров шарап жана арак куюучу аппараттык цехти кыдырып чыгып, алкоголдук ичимдиктерди сактоонун шарттары жана технологиясы менен таанышты.

Комбинатта 35ке жакын кызматкер эмгектенет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу пландаштырылууда, анда жумушчу орундарынын саны 100 адамга чейин көбөйөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, алкоголдук продукцияны өндүрүүдө кластердик механизмди колдонуу зарыл, мында ата мекендик өндүрүштөгү чийки зат жана ага тийиштүү продукция пайдаланылат. Мамлекет салыктарды так төлөп, элди иш менен камсыз кылып жаткан кичи жана орто бизнести колдоого алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM