21-февралдан тарта Оштон Бириккен Араб Эмиратынын Шарджа шаарына жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
«Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча аба каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясынын учактары тейлейт.
Жаңы каттам 21-февралдан 3-мартка чейин жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми, 3-марттан баштап каттамдар жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учат.
Учуу узактыгы 3,5 сааттан 4 саатка чейин созулат.
Азыркы тапта, Air Arabia авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортунан «Шарджа-Бишкек-Шарджа» багыты боюнча жумасына 6 жолу учуп жатат.