Бүгүн, 11-февралда президент Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.
Президент күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын укту.
Ошондой эле алардын күжүрмөн жана кызматтык даярдыктарын жогорулатуу, ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.