Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик айылдарынын аксакалдары жаштарды ынтымакка чакырды 

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 675 | 0

Бүгүн, 11-февраль күнү Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын аксакалдары менен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылынын жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал жерге жалпысынан 150 жакын аксакал келди, алар эки элдин жаштарын ынтымакка чакырышты.

Мамилени калыбына келтирип, чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүүнү өтүнүштү.

Аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдөөдө спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну сунушташты.

Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай,  Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Соманен,  Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп ынтымакка келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM