Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 1784 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасалган ири алдамчылык фактылары боюнча маалыматтар бар экенин билдирет. Тактап айтканда, ишкер Жогорку Кеңештин депутаты болгон А.А. аттуу жарандын алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн доллар өлчөмүндө зыян тартканы тууралуу УКМКга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде А.А. аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылган.

10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

9-февралда өткөн басма сөз жыында Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев Алиярбек Абжалиевге «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча козголгон иш кысткартылганын билдирген.

Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылганы маалым болду

Ага 2021-жылы март айында УКМК тарабынан «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

Июнь айында УКМКнын басма сөз кызматы Алиярбек Абжалиев мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которгонун кабарлаган.

Абжалиев — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Copyright © 2017 Maral FM