Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда быйыл 63 млн долларлык долбоорго инвестиция салынат

Экономика | 9 Фев 2022 | 984 | 0

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, мамлекетке түз түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 503 млн доллардан ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га көбүрөөк болгон. Министрлик мурдагы жылы инвестициялык багытта 20га жакын иш-чара өткөргөн. Анын алкагында чет элдик инвесторлор менен бир нече келишимге кол коюлган. Мындан тышкары быйыл өлкөдө 63 млн долларлык долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Чет өлкөлүк инвестициялардын негизги бөлүгү геологиялык чалгындоого, тоо-кен өндүрүшүнө, дүң жана чекене соодага салынган. Ал эми өндүрүш ишканаларына келген инвестиция 21%ды, маалымат жана байланышка келген инвестиция 6%ды түздү.

Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясовдун айтымында, өлкөгө инвестиция тартып келүү жандангандан кийин көп жылдан бери жумушун токтоткон ишканалар кайра иштей баштады. Министр өткөн жылы жүзөгө ашкан долбоорлорду тизмектеп берди.

«2021-жылы Инвестициялар министрлиги бир нече эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү өткөрдү. Жалпы 19дан ашык иш-чара болуп өттү. Анын алкагында 20дан ашык келишимге жана 6дан ашык экспорт контрагына кол койдук. Тышкы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Чет элдик инвесторлор учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура экенин, бул саясат алар үчүн да ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүп берип жатканын айтышты. Мындан сырткары өткөн жылы министрлик 5 инвестициялык долбоорду ишке ашырды. Анын негизинде дагы 4 инвестициялык долбоорду өлкөгө алып келүүгө жетиштик. Мисалы, анын ичинде 40 жылдан бери иштебей турган Кара-Балта килем комбинаты ишке киргизилди. Бишкекте диагностикалык долбоорду куруу боюнча ички жана тышкы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттүк».

Баясов мындан сырткары Кыргызстанга келген инвесторлор үчүн кандай жеңилдиктер каралганын түшүндүрдү.

«Борбор Азия мамлекеттеринин арасында инвесторлор үчүн эң эле жагымдуу шарттар Кыргызстанда түзүлгөн. Электр энергиянын баасы да төмөн. Салык боюнча да ишкерлер жана инвесторлор үчүн бир канча жеңилдик каралган. Кыргызстанда инвестициялык иш жүргүзгөн учурда алгач салыктын төрт түрүнөн бошотулат. Пайда салыктан, жер салыктан, мүлк жана киреше салыгынан толук түрдө бошотууга шарт түзүлгөн. Бул Салык кодексинде көрсөтүлүп, 193-токтом менен да «өзгөчө преференциялык режим» деп киргизилген».

Ушул жылдын январь айында Баткен облусундагы ишкерлер салыктан бошотулган. Тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндөгү инвестицияларга, тоо-кен тармагы боюнча 10 млн долларлык инвестицияларга мамлекеттик кепилдиктер берилет. Аны менен бирге мамлекет инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетин алат.

Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин экспортту өнүктүрүү координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунай Таалайбекова Кыргызстанда 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын кабарлады.

«Азыркы учурда инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттик 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоордун алкагында иштерди жүргүзүүдө. Биз кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары 190 млн сомго 11 долбоорду ишке ашыруу күтүлүп жатат. Ошондой эле Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бир нече инвестициялык роуд-шоу өткөрүү пландалууда. Ал эми эртең Бишкекте Кыргызстандагы энергия булактарын калыбына келтирүүнү өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт. Май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин  башчылары катышкан форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Аталган иш-чараны уюштуруу жагын талкуулоо үчүн жумушчу топтор келди».

6-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жолуккан. Анда Жапаров жалпы капиталы 1 млрд долларды түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштаган. Ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин экспортту өнүктүрүү координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Жумалиевдин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстан чет өлкөлөрдө өтүүчү бир катар айыл чарба көргөзмөлөрүнө катышат.

«Быйыл Кыргызстан чет өлкөлөрдө өтүүчү бир катар айыл чарба өндүрүшүнүн көргөзмөсүнө катышат. Быйылкы жылы Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги экспортту өнүктүрүү багытында иш-чараларды жүргүзөт. Экспортту өнүктүрүү боюнча чет өлкөлөрдө мисалы, Доха шаарындагы, Катардагы «Агритек» сыяктуу бир катар көргөзмө иш-чаралар пландалууда. Ал жерде адистештирилген айыл чарба көргөзмөсү өтүп, ага бал, кургатылган мөмө-жемиш, эт жана башка өндүрүмдөрдү чыгарган ата мекендик компаниялар чакырылган. Ушул жылы Кытайда өтө турган «Шанхай-ЭКСПО» иш-чарасына биздин өндүрүшчүлөр да чакырык алышты. Ошондой эле 24-февралдан 27-февралга чейин Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында айыл чарба өндүрүмүнүн жарманкеси өтөт. Ага суу, эт, бал чыгарган өндүрүшчүлөр барат».

Кыргызстанга тышкы инвестициянын 27%ы Кытайдан, 16%ы Түркиядан, 10%ы Улуу Британиядан, 9%ы Нидерландыдан, 5%ы Германиядан келген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз-венгер, Кыргыз-өзбек инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Мындан сырткары учурда Кыргыз-түркмөн, Кыргыз-азери жана Кыргыз-түрк инвестициялык өнүктүрүү фонддорун түзүү маселеси каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM