2021-жылы аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 9 миң 800 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлады.
Анын ичинен 1728 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. 5 миң 396 иш кыскартылган, 2676 иш тергөө стадиясында.
Жалпысынан былтыр Кыргызстан боюнча 37 миң 784 кылмыш иши катталган. Анын 3 миң 822си оор жана өзгөчө оор кылмыштар.