Биз менен байланышыңыз

Токторбаев: Эдил Байсаловду циркке алып барып койгула

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 352 | 0

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун депутаттарга карата айткан сыны боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, Байсаловдун депутаттарды кемсинтип, шылдыңдап сүйлөгөнгө акысы жок.

«Ушул жерде отурган депутаттардын алды 25 миң добуш, арты 7 миң добуш алып келди. Эгерде ал кыйын болсо депутат болуп келбейт беле, бир да жолу депутат болуп шайланган эмес. Талапкер болсо 100 добуш алат, эч ким аны сыйлап-урматтабайт. Чыгып алып эле «кылыбыз кыйшайбайт» дейт, эмне деген кыл аныкы? Байсаловду чакырып, тарбиялап койбойсуңарбы? Биз акылдуубуз дейт, билебиз Акылбек Жапаровдун кандай акылдуу экенин», — деди Токторбаев.

Ошондой эле ал Эдил Байсаловдун деңгээли циркке ылайыктуу экенин, бирок директор болсо, анын ишин да алып кете албасын, андыктан циркке ассистент болушу керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM