Биз менен байланышыңыз

Мадумаров Ураимовдун кармалышы боюнча пикирин айтты (тергөө)

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 1233 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүнкү парламенттин жыйынында кечээ УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен Мирлан Ураимов боюнча пикирин айтты.

«Күндүзү эле барып, жакшынакай эле алып келсе болот го… Түндө барып, бала-чакасын коркутуп, ыркыратып-чыркыратып, кыйнагандын эмне кажети бар? Ураимов бир жакка качып кетеби же ал күчтүү террорчубу? Ал — эң интелигент, өзүнөн кичине балдарга да үнүн көтөрбөгөн жигит. Караңгыда кирип барып, алып кетмей адатын качан коёт? Ал замандан өтпөдүк беле биз?! Бул эмне бир кишинин мисалында башкаларга ишаарат берүүбү?» — деди Мадумаров.

Ошондой эле депутат Алмаз Абытовго кайрылып, түн киргенде кирип барып баса калууну токтотууга чакырды.

Кечээ, 8-февралда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов кармалган.

УКМК берген маалыматка караганда, Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM