Биз менен байланышыңыз

«Жашыл экономика жалпы аракет менен өнүгөт»

Экономика | 8 Фев 2022 | 3255 | 0

Кыргызстанда жашыл экономика тармагы жаңыдан жанданып келатат. Анын ичинде бир топ сектор камтылган. Мисалы, жашыл экономиканын алкагында энергетика, өндүрүш ресурстары, туризм сыяктуу тармактарды өстүрсө болот. Бул жаатта мамлекет жана жеке ишканалар тарабынан көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Маселеге байланыштуу Жогорку Кеңеш 2018-жылдын июнь айында «Кыргызстан — жашыл экономика өлкөсү» концепциясын кабыл алган. Мындан тышкары «2019-2023-жылдарда Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү» программасы иштелип чыккан. Анын алкагында артыкчылыктуу секторлор аныкталып, мамлекет тарабынан аларды өстүрүү жолдору каралууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Эрмек Аширов жашыл экономиканы өнүктүрүү узак мөөнөттүү концепция экенин айтып, аны ишке ашыруу үчүн каржылоо булагы керектигин белгиледи.

«Учурда жашыл экономиканын кайсы жолдорун өнүктүрүүнү аныктап жатабыз. Жаңы кабыл алынган Салык кодексине ылайык, жашыл экономиканын секторлору үчүн атайын жеңилдиктер каралган. Жашыл экономиканын ичине 7 тармакты киргизгенбиз. «Жашыл» долбоорду ишке ашыруу үчүн бизге каржылоо керек. Экономика министрлиги бул тармакты өзү гана ишке ашыра албайт. Эгерде «жашыл айыл чарба» деп алсак, анда Айыл чарба министрлиги менен чогуу иш алып баруу зарыл. Ошондой эле энергетика жагын алсак, Энергетика министрлиги менен биргеликте иштөө керек. Көптөгөн жарандар жашыл экономика дегенди түшүнбөй келишет. Министрлик атайын 10-15 мүнөттүк кыска роликтерди даярдап жатат. Аны ЖМКлар аркылуу жайылтып, элге маалымат беребиз».

Өткөн жылдын сентябрь айында «Экселерейт просперити» компаниясы жашыл экономиканы колдоо максатында «Жергиликтүү өзгөрүштөр» аттуу биринчи инвестициялык долбоорун баштаган. Уюм бул тармак боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын билдирди мекеменин өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева.

«Биздин уюм жашыл экономиканын эки түрү боюнча иш алып барып келет. Энергия жана ресурстар тармагы боюнча иш-чараларды өткөрөбүз. Жашыл экономикага багытталган «Жергиликтүү өзгөрүштөр» аттуу биринчи инвестициялык долбоорду өткөн жылы өткөргөнбүз. Ага конкурстук негизде өлкөдөгү энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана экологиялык таза өндүрүш менен байланышкан 64 ишкананын ичинен 18 гана ишкана тандалган. Жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган эки ишкана техникалык колдоо жана 50 миң долларга чейин жардам алган. Долбоор пилоттук энергияны жана ресурстарды үнөмдөө тармагындагы секторалдык акселерация болуп эсептелинет. Алдыда дагы секторлорду эсептеп чыгабыз. Март-апрель айында секторлор такталып бүткөн соң, пландалып жаткан иш-чараларды өткөрөбүз».

Экономисттердин айтымында, азыр Бишкектин абасы булганып, электр энергиясы да, сугат суу да тартыш болуп, жылдан жылга маселе көбөйүүүдө. Бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаралган көйгөйлөрдү бүтүндөй дүйнө жүзү он жылдан бери талкуулап бүтпөй келет. Талкуунун алкагында «жашыл экономика» концепциясы да иштелип чыгышкан. Максаты ишкердик экономиканын адамга жана табиятка тийгизген зыянын азайтуу болуп саналат.

Экономист Кубан Чороевдин пикиринде, жашыл экономикага өтүү үчүн мамлекеттик деңгээлде стратегиялык багыт болушу керек.

«Жашыл экономика ар кандай сектордон турат. Мисалы, туризм секторун алып карасак болот. Жашыл экономиканын бул тармагын өнүктүрүү үчүн бизде бүт мүмкүнчүлүк бар. Бирок туристтик инфраструктура жетишсиз экени маалым. Ошондой эле туристтерди тейлөө кызматы да жакшы эмес. Акыркы жылдары ишкерлер туризм тармагын өз алдынча өздөштүрүп жатышат. Натыйжада, бир топ ийгиликтерге жетишти. Мындан тышкары өндүрүү багытында да иш алып барсак болот. Бул да — жашыл экономиканын бир сектору. Кийим же тамак-аш болушу мүмкүн. Экологиялык жактан таза өндүрүм деген бренд менен чет өлкөлөргө чыгарсак болот».

Өткөн жылдын 10-декабрында Бишкекте жашыл технологиялардын жана чечимдердин Green EXPO-2021 көргөзмөсү жана Жашыл экономика форуму өткөн. Анын алкагында ишкерлер Кыргызстандын жашыл экономика боюнча мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, таанытым жасашкан.

Форумда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө болгон тоскоолдуктарды жана анын чечүү жолдорун талкуулашып, жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM