Биз менен байланышыңыз

Президент Ош жана Дордой базардагы сатуучулар менен сүйлөштү (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 280 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарындагы «Дордой» жана «Ош» базарларына барып, ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөштү. Анда көзөмөл-кассалык машина (ККМ) системасын жүзөгө ашыруу талкууланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Президент жарандардын ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жатканы боюнча пикирлерин угуп, мындай жагдай маалымдоо-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен келип чыкканын, ошондуктан ККМдин максаттары туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.

«Бул демилге контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды ташып келүүдөн кутулуу үчүн көтөрүлүп жатканын түшүнүшүңүздөр керек. Бизде ишкерлердин эсебинен киреше табуу же алардын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу тапшырмасы жок. Тескерисинче, мамлекет алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүдө. Ата мекендик экономиканын 40%ы көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей ала турганын түшүндүрдү.

Андан соң мамлекет башчысы «Ош» базарына барып, ал жерде ККМ системасын ишке киргизүүнүн абалы менен таанышты. Мындан тышкары Садыр Жапаров азык-түлүктөрдүн баалары, текчелерге коюлган товарларды көрүп, базарга келгендер, сатуучулар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM