Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз кар жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…-2 жылуу болот.