Быйыл 20-февралдан баштап жер-жерлердеги прокурорлордун иши күтүүсүз текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 7-февралда өткөн жыйында билдирди.
Айта кетсек, кечээ Курманкул Зулушевдин жетекчилиги алдында кеңейтилген отуруму өткөн. Анда прокуратура органдарынын 2021-жылда жасаган иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, 2022-жылдын иш планы, ошондой эле мындан башка да маселелер талкууланган.
Отурумдун жыйынтыгында Башкы прокурор органдын жетекчилерине жана кызматкерлерине мыйзамды так сактоо талабын койгон.