Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Сауд Аравияга биринчи чартердик каттам учту

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 705 | 0

Бишкектен Сауд Аравиянын Жидда шаарына биринчи чартердик каттам учуп кетти. Каттамды «Эйр Манас» авиакомпаниясы аткарды.

«Бишкек-Жидда-Бишкек» багыты боюнча жумасына бир жолу (жекшемби) каттамдарды аткарат. Ал эми февраль айынын аягынан баштап жумасына төрт каттамга чейин көбөйөт.

Түз авиакаттамды ачуу аземине «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын өкүлдөрү, Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Турганбаев, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев катышты.

Улукбек Марипов сөз сүйлөп, түз авиакаттамдын ачылышы эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого, туристтердин санын көбөйтүүгө, ошондой эле зыяратчылардын акчасын жана убактысын үнөмдөөгө шарт түзөрүн айтты.

Элчи Сауд Аравиянын башка шаарларынан да каттамдарды ачуу пландалып жатканын билдирди.

Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болуп 25-январда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM