Биз менен байланышыңыз

Жарандардын кайрылуусу боюнча 60 салыкчы жазаланды

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 348 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгында 60 кызматкерди жазалаган. 

Былтыр Мамлекеттик салык кызматына 220 кайрылуу түшкөн. Анын 162си электрондук почта аркылуу, 22си ишеним телефонунан жана шыр байланыш аркылуу келген.

Кайрылуулардын 12синде ишкерлер салык мыйзамдарын сактабаганы, 77синде салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттери, 131инде башка ар кандай маселелер айтылган. 

Бардык кайрылуу мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттө каралган. Арыз-даттануулардын 38инде көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган эмес, 33ү толук, 6сы жарым-жартылай аныкталган.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 60 кызматкер жазаланган: экөө кызматынан төмөндөтүлгөн, бирөө иштен бошотулган, отуз экиси катуу сөгүш, он беши сөгүш, бешөө эскертүү алган, дагы бешөө башка ишке которулган. Ал эми 2 материал укук коргоо органдарына берилген.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 12 кайрылуу текшерилип, анын экөө толук, бешөө жарым-жартылай тастыкталып, алтоо аныкталган эмес. Ошондой эле 1 арыз эске алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM