Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кайра шайлоо: Чүчүкулак өткөрүү күнү белгилүү болду

Кыска кабар | 7 Фев 2022 | 279 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов райондук округдары боюнча кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнүн бекитти.

Маалыматка караганда, чүчүкулак өткөрүү 8-февралда болот. Ошол эле күнү бекер эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Бишкектеги эки округдан депутаттыкка талапкер катары 53 адам катталды.

Бүгүн, 7-февралда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды, ал 26-февралга чейин болот. Добуш берүү күнү 27-февраль.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM