Биз менен байланышыңыз

Зордук-зомбулукка кабылган балдарга кантип жардам берүү керек?

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 548 | 0

Эгерде сиз зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон бала же жашы жете электерге жасалган зомбулуктун күбөсү болсоңуз, анда 111 номуру боюнча Балдардын ишеним телефонуна чалсаңыз болот. Чалуу анонимдүү жана акысыз.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат. Ошондой эле күн сайын жана күнү-түнү иштейт.

Эгерде сизге укук коргоочулардын же психологдордун жардамы керек болсо, көрсөтүлгөн номурга байланышыңыз.

Мындан тышкары, төмөнкү зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборлоруна кайрылсаңыз болот:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73. Телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу: Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу: Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Жамансариев көчөсү № 163. Телефон: 03922 50405, 03922 50212. Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33. Телефон: 03945 24546

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM