Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда окуучулардын республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтөт

Кыска кабар | 6 Фев 2022 | 446 | 0

Ушул жылдын 7-февралынан 12-февралына чейин Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 жылдан ашык убакыттан бери Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөдө окуучу жаштар үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн кызыктуу дүйнөсүн ачуу максатында жумалык өткөрүп келет.

Бул иш-чаранын максаты – балдардын зээндүүлүк жөндөмүн кеңейтүү эле эмес, аларды табигый-математикалык дисциплиналарга жана техникалык багыттагы кесиптерге кызыгуусун арттыруу.

Жумалыктын жүрүшүндө окуучуларды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн өлкө боюнча балдарга өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга экскурсиялар уюштурулат. Бул күнү балдар ишканалардын ишин ичтен көрүүгө, инженерлер жана рационализаторлор менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM