Биз менен байланышыңыз

Депутаттар бачабаздардын жазасын күчөтүүнү талап кылууда

Коом | 4 Фев 2022 | 977 | 0

Парламенттин жыйынында айрым депутаттар бачабаздардын жазасын күчөтүүнү талап кылып чыгышты. Демилгечилер Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү көтөрүүдө. Кылмыш-жаза кодексинин азыркы редакциясында бачабаздарга каралган жаза мөөнөтү 15 жылга чейин кыскарган. Депутаттар аны 25 жылга чейин узартууну, педофилдерди жазалоого дүйнөлүк тажрыйбадагы кастрация жазасын киргизүүнү сунушташты.

Жогорку Кеңештин депутаттары бачабаздардын жаза мөөнөтүн узартууну буга чейин да бир топ жолу көтөргөн. Былтыр декабрь айында жашы жете электерди зордуктагандарды өмүр бою эркиндигинен ажыраткан мыйзам каралып, экинчи, үчүнчү окууда колдоп беришкен.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, эки же андан көп балага сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасагандарды 15 жылдан 20 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бүгүнкү күндө өлкөдө жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар көбөйүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал кылмышкерлерди катаал түрдө жазалоо үчүн химиялык кастрация жолун сунуштады.

«Биз V чакырылышта эле бул боюнча бир мыйзам cунуштаганбыз. Балдарды зордуктаган кылмышкерге химиялык кастрация колдонууну демилгеледик. Ал учурда мыйзам долбоору өткөн эмес. Себеби президент колдогон жок. Ал эми Жогорку Кеңештеги депутаттардын баары колдогон. Мындай кылмышкерлерге албетте, химиялык кастрация керек. Азыр да ушул сунуш менен кайрылабыз. Учурда мындай кылмыштар уланууда. Кошуна мамлекет Казакстан да ушул системаны киргизген. Алардын бул боюнча эки жылдык тажрыйбасы бар. Алардан көрсөк болот».

Кастрация зордукчулду жыныстык жактан шал кылуу болуп саналып, ал медициналык комиссиянын макулдугу менен сот тарабынан белгиленет.

Сунушталган мыйзамда жаш балдарды зордуктагандарды 12 жылга чейин, сойкулукка тарткандарды 2 жылга чейин, балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдү 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Юрист Эржан Кайыповдун пикиринде, мындай кылмышкерлерди жазалоо үчүн химиялык кастрацияны колдонуу көйгөйдүн толук кандуу чечүү жолу эмес.

«Жазанын максаты кылмышкерди оңдоо болуп саналат. Эгерде кылмышкер өзү кастрация жазасына макул болсо, жазалоого мүмкүн. Бирок ошол эле мезгилде кастрация кылгандан соң, анын натыйжасын өзгөртүп кетүүгө да болот. Себеби атайын башкача гормоналдык препараттарды ичип алышы мүмкүн. Кайра эле мурунку калыбына келип калышы мүмкүн. Ошондуктан химиялык кастрация деген 100% чечүү жолу болуп эсептелбейт. Эгерде кылмышкер өзү макул болсо, анда жазанын мындай түрүн да киргизсе болот».

Ошондой эле юрист педофилия үчүн мыйзам чегинде эң катаал жазаны киргизүү керектигин колдойт.

«Педофилия кылмышы үчүн эң катаал жазаны киргизүү же эркиндиктен ажыратуу мөөнөтүн эң жогорку кылып белгилөө — туура демилге. Бирок бул нерсе менен гана чектелсе болбойт. Мамлекет мындай кылмыштын алдын алуу жана жоюу үчүн сот адилеттигин орнотууга тийиш. Мындан тышкары соттун ачык-айкын, мыйзамдуу иш алып баруусуна жетишүү, сот реформасы, укук коргоо органдарынын реформасы, тергөө иштери жана жаза аткаруу системасындагы мыйзамдуулук — ушунун баарын орнотуу зарыл».

Буга чейин депутаттар тарабынан жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн соттолгондордун сүрөттөрүн жана маалыматтарын камтыган карта түзүү сунушталган.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде мындай кылмышка барган адамдарды жазалоо процесси тууралуу айтып берди.

«Азыркы Кылмыш-жаза кодексинин негизинде «мөөнөттүү эркиндигинен ажыратуу» 15 жылга чейин көрсөтүлгөн. Кодексте жазалоо процессинин бир топ түрлөрү камтылган. Ал кылмыштын түрүнө ылайык каралат. Жазалоонун ичинен эң жогоркусу — 15 жылга чейин. Эгерде кылмышкер тарабынан бир нече жолу ушундай кылмыш фактысы катталса, 15 жылдан көбүрөөк убакытка жазаланат. Кылмыш-жаза кодексинин 5-беренесинин негизинде жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандар өмүр бою эркиндигинен ажыратылат».

Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда балдарга карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы 326 зомбулук фактысы катталган, бул 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көп.

Эл аралык тажрыйбаны карасак, Орусиянын парламенти мындай кылмыш үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын жакташкан.

Ал эми Кытайда, Жакынкы Чыгышта, Африкада, Латын Америкада, Иранда, Иракта, Түштүк Кореяда жана Сауд Аравияда өлүм жазасы киргизилген.

Африкада болсо педофилдерди тирүүлөй өрттөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM