Биз менен байланышыңыз

Салык режимин тандоо боюнча 23 миңден ашык жаран кайрылды

Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 312 | 0

Жаңы салык кодекси ишке киргизилгенине байланыштуу салык режимин тандоо боюнча 23 миң 272 адамдан арыз түшкөн.

Анын ичинен 1136 жаран жалпы салык режимине, 22 миң 136 жаран жөнөкөйлөштүрүлгөн системага, анын ичинен 14 миң 775и бирдиктүү салыкка, 7295и нөлдүк өлчөм менен бирдиктүү салыкка, 66 ишкер КНСти шарттуу эсептөө шарты менен бирдиктүү салыкка өткөн.

2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуу салыгынын негизинде жарандар салык режимин тандоо үчүн арыз менен 28-январга чейин кайрылуулары зарыл болгон.

Салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандап алуу укугу берилет.

Жаңы Салык кодексинин кабыл алынганына байланыштуу Бирдиктүү терезелер, Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, демалыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин күчөтүлгөн режимде иштеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM