Биз менен байланышыңыз

Путин менен Макрон Украинадагы кырдаалды талкуулады

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2022 | 261 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Анда лидерлер Украинанын айланасындагы кырдаалды, коопсуздук кепилдиги үчүн Москва сунуштаган чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Путин Киев жетекчилигинин Минск келишимдерине каршы келген чагымчыл билдирүүлөрүнө жана аракеттерине дагы бир жолу көңүл бурду», — деп айтылат билдирүүдө.

Сүйлөшүү учурунда Орусия менен Франциянын президенттери жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүн тез арада табууга макулдашты.

Соңку учурда Орусия менен Батыштын мамилеси кескин курчуп кетти. Вашингтон менен Брюссель Москваны Украинага «баскынчылык» кылууга даярданып жатат деп айыптоодо.

Орусия бардык дооматтарды четке кагып, Киев Минск келишимдерин аткарбай жатканын айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM