Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушат.
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Кыргызстандын делегациясынын курамында:
— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова;
— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев бар.