Биз менен байланышыңыз

2021-жылы монополия менен күрөшүүдөн 183 млн сом түшкөн

Коом , Экономика | 3 Фев 2022 | 706 | 0

Бүгүн, 3-февралда Монополия менен күрөшүү мамлекеттик агенттиги 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрдү. Андан белгилүү болгондой, агенттик өткөн жылы бюджетке 183 млн сомдон ашык каражат топтогон. Мунун 168 млн сому бюджеттик чегерүүлөр болсо, 15 млн сомдон ашууну керектөөчүлөргө кайтарып берүүлөр болгон. Ошондой эле көмүрдүн, күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасын турукташтыруу, кымбатчылыкты жоюу жаатында бир катар иштер жасалган.

Агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков көмүрдү өз убагында камдабаганынан улам «Кыргызкөмүр» ишканасына төрт жолу эскертме берилгенин белгиледи.

«Кыргызкөмүр» ишканасына 2021-жылдын июнь айынан бери төрт жолу эскертме берилген. Тилекке каршы, алар кайсы бир себептерден улам ушундай ишке барган. Бүгүнкү күндө кырдаал туруктуу. Көмүрдүн көлөмү жетиштүү. Мониторинг жүргүзүп жатабыз. Дүң бааларды өткөн жылдын май айында эле белгилеп бергенбиз. Ал жерде көтөрүү болгон эмес. Баа 1300 сомдун тегерегине чейин коюлган. Бизге 2000ге чейин көтөрүп бергиле деп кайрылышкан. Бирок атайын талдоолорду жүргүзүү, монополияга каршы ыкмаларды колдонуу менен жөнгө салдык. Ошонун негизинде бааны чектеп бергенбиз».

Айта кетсек, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен көмүрдүн туруктуу наркы белгиленген. Андан соң президент Садыр Жапаров тапшырма берип, Бишкек шаарында жана айрым аймактарда көмүр 3 миң сомдон сатыла баштаган.

Кеңешбай Тайлаков муну менен катар күйүүчү майга болгон бааны жөнгө салуу жаатында да аракеттер жасалып жатканын айтты.

«Кыргызстанга күйүүчү майдын 90%ы Орусиядан келет. Бүгүнкү күндө биз алып жаткан мунайдын баасы 90 долларга кымбаттады. Учурда 84%ы сырткы фактордон көз каранды. Заводдун өзүндө АИ-92нин дүң баасы 42 сом болуп жатат. Бул жерде транспорттук чыгымы да бар. Мындан сырткары кошумча нарк салыгы бар. Бул да 10-15 сомго кымбаттоого алып келет. Ал эми алардын өздүк чыгымдары 5%га чейин. Акыркы күндө күйүүчү май кымбаттайт деген божомолдор болууда. 6 сомго чейин кымбатташына агенттик жол бербейт. Мунун алкагында бир топ иштерди аткарууну пландап жатабыз».

Табигый монополияларды жөнгө салуу жана үстөмдүк кылуучу субъекттерге мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Оморов өткөн жылы ПЧР-тесттин арзандашынан жарандар 130 млн сом үнөмдөгөнүн билдирди.

«Бүгүнкү күндө коронавирусту аныктоочу ПЧР-тесттин баасы мамлекеттик ишканаларда 788-900 сомго чейин арзандады. Буга чейин тесттин баасы 1 миң 574 сом болгон. Баалар Бишкек, Ош шаарларында жана республикалык деңгээлдеги санэпидкөзөмөл борборлорунда түшүрүлдү. Ошондой эле Сокулукта да ПЧР-тесттин баасын 800 сомго түшүрүү чечимин кабыл алдык. Мындан сырткары эки жеке лабораторияда тест 2 миң 100 сомго жүргүзүлүп келген, биздин аракеттин натыйжасында 1 миң 300 сомго арзандады. Бааны негизсиз көтөрүүгө каршы иштерди күчөтөбүз».

Социалдык маанидеги товарлар бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова мамлекеттик органдар менен ишканалардын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жыйынтыктарын айтып берди.

«Макулдашуунун алкагында ун комбинаттарга мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилди. Ал эми алар элди ундан өксүтпөө боюнча бир катар милдеттенмелерди алышкан. Бул нерсе жакшы жыйынтыкты алып келди десек болот. Мисалы, өткөн жылдын сентябрь айынан баштап мамлекет буудайды үзгүлтүксүз берүүгө өттү. 30 комбинаттын 27си ишке киргизилди. Ун ишканаларында өндүрүмдүн көлөмү көбөйтүлдү. Баалар турукташты. Бардык аймактагы тегирмендер толук кандуу иштегенине байланыштуу ноябрда ундун өздүк наркы жогорулаган жок».

Мындан тышкары жарнама рыногу боюнча 408 айып салынып, бюджетке 917 миң сомдон ашык каражат өндүрүлгөн.

Ошондой эле көмүр сатууда 200гө жакын мыйзам бузуу катталып, алардын 36сына айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM