Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова кабарлады.
Чечимди 3-февралда Бишкек шаардык соту кабыл алды. Соттун маалыматына караганда, Курсан Асанов 14-мартка чейин үй камагында болот.
Курсан Асанов 2021-жылы 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ага чейин 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча эки жолу кармалып, эки жолу үй камагына чыккан.
2021-жылы 11-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.