Биз менен байланышыңыз

4-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 182 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Нарын, Ысык-Көл, Ош облустарынын аймактарында кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM