Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 4 мектеп онлайн окутууга, 3 бала бакча карантинге жабылды

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 323 | 0

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарындагы 4 мектеп аралыктан окутууга өтүп, 3 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун 2 мектеби: №9 жана 13 жана Октябрь районунун №14 мектептери онлайн окууга өтсө, №104, 148, 61 бала бакчалар карантинге жабылды.

Ошондой эле борбор калаадагы 19 мектеп офлайн режимине кайтып келди:

Октябрь районунан 4 мектеп (No 17, 26, 62, 88);

Биринчи Май району боюнча 6 мектеп (No 6, 18, 28, 70, 61, 48);

Свердлов районунан 8 мектеп (No 4, 11, 12, 30, 32, 38, 67, 52, 33).

Ошондой эле мэрия шаар тургундарынан Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоону суранат: беткап тагынып, антисептик колдонуу, колду бат-баттан жууп туруу, бөлмөнү желдетип, аралыкты сактап, коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM