Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарындагы 4 мектеп аралыктан окутууга өтүп, 3 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун 2 мектеби: №9 жана 13 жана Октябрь районунун №14 мектептери онлайн окууга өтсө, №104, 148, 61 бала бакчалар карантинге жабылды.
Ошондой эле борбор калаадагы 19 мектеп офлайн режимине кайтып келди:
Октябрь районунан 4 мектеп (No 17, 26, 62, 88);
Биринчи Май району боюнча 6 мектеп (No 6, 18, 28, 70, 61, 48);
Свердлов районунан 8 мектеп (No 4, 11, 12, 30, 32, 38, 67, 52, 33).
Ошондой эле мэрия шаар тургундарынан Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоону суранат: беткап тагынып, антисептик колдонуу, колду бат-баттан жууп туруу, бөлмөнү желдетип, аралыкты сактап, коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!