Биз менен байланышыңыз

Электромобиль кубаттаган Supercharger аппараты бардык аймакка орнотулат

Коом | 2 Фев 2022 | 936 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу электр унааларын кубаттоочу Supercharger аппараты жасалды. Аны Борбор Азияда алгачкылардан болуп «Маткасымов» компаниясы иштеп чыкты. Аппаратты иштеп чыгууга жарым жылдай убакыт керектелген. Жөнөкөй charger аппаратынын баасы 200 миңден сомдон жогору болсо, Supercharger 1 миллион сомдон ашат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электромобиль унааларын айдагандар көбөйүп жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылдын он айында Кыргызстанга жүздөн ашык электромобиль унаасы алып келинген. Бирок аларды кубаттоо станциялары жетишсиз.

Буга чейин «Элкуб» компаниясы Бишкек шаарында электр унааларын кубаттоочу 10 станцияны ишке киргизген. Ишкана аларды шаардагы соода борборлорунун жер төлөсүнө жана сыртына жайгаштырган.

Электр унааларын кубаттоочу станцияларга болгон муктаждыкты жоюу максатында «Маткасымов» компаниясы Supercharger аппаратын катарга кошту.

Компаниянын башкы технологу Азат Аликовдун айтымында, мындай аппараттар жакын арада өлкөнүн бардык аймактарына орнотулат.

«Бүгүнкү таанытымда «Маткасымов» компаниясы Supercharger аппаратын элге көрсөтөбүз. Жөн гана кубаттоочу аппарат эмес, Supercharger аппаратын жасадык. Бул — инновациялык технология. Электомобилдерди кыска убакытта кубаттайт. Борбор Азия боюнча биздин компания биринчилерден болуп жасап чыкты. Биринчи болгондуктан плагиат кылган жокпуз. Өзүбүз жасагандыктан бир топ кыйынчылыктар болду. Азыркы учурда Supercharger аппараты боюнча бизде атаандаштык жок. Жакында толук иштеп чыккандан кийин бүткүл Кыргызстан боюнча жайылтуу пландалып жатат. Жакын арада өлкөнүн бардык аймактарына орнотулат».

Ишкананын кызматкери Кубан Абдыбеков электромобилдерди кубаттоочу аппараттын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

«Supercharger аппаратын чыгарганыбызга бир ай убакыт болуп калды. Буга чейин Европа, Америка жана Славян өлкөлөрүндө чыгарылып келген. Биринчиден, бул аппарат ата мекендик өндүрүш; экинчиден, аппараттын сапаты жогорку деңгээлде. Башка чет элдик компаниялардан сапаты жагынан артта калбайт. Алдыга чыгышы мүмкүн. Башкаларга салыштырмалуу баасы да төмөн. Бул — биринчи прототип. Алгач NOVOTEL мейманканасына орнотобуз. Андан соң Боом капчыгайына, ошондой эле Ысык-Көлдүн ар кайсы жактарына жайылтабыз. Ар кандай киловатта бар. Канча киловатта кубаттоо — автоунаадан көз каранды. Жөнөкөй charger аппаратынын баасы 200 миң сомдон жогору болсо, Supercharger 1 миллион сомдон ашат. Электр унааларын кубаттоо үчүн 15 мүнөт кетет. Бирок тез кубаттоо унаанын батереясына терс таасир этет. Биздин компания оптималдаштыруу максатында орто киловатты алдык. Ал бир жарым саатты түзөт».

Аппараттын бир топ түрлөрү бар. Мисалы, 7 киловатт 12 саатка чейин кубаттаса, 22 киловаттыгы 3,5 сааттан 7,5 саатка чейинки убакытка жетет. Ал эми ыкчам кубаттоочу аппараттар 30 мүнөттөн 1,5 саатка чейин кубаттайт.

Аталган аппаратты жасаган компаниянын кызматкери, инженер-конструктор Тилекмат Үсөкеев Supercharger аппаратын жасоодо 70% ата мекендик тетиктер колдонулганын айтты.

«Сырткы дизайнынан тартып, ички тетиктерине чейин заманбап техникалык каражаттар колдонулган. Аны жасоого жарым жылдай убакыт кетти. Биринчи анын сырткы түзүлүшүн түзүп алдык. Андан соң керектелүүчү жабдуулардын тизмесин түздүк. Башында көп ойлондук. Бир топ мээнетти, аракетти талап кылды. 70%ы Кыргызстандан жасалган тетиктерди колдондук. Электроникасы эле чет жактан алып келинди. Өзүбүздүн компания жасап чыккан тетиктер да колдонулду. Албетте, биринчи жолкусуна көп убакыт керектелет. Ал эми мында кийинкилери оңой болот деген ойдомун. Болушунча кымбат жабдуулар менен, сапаттуу технологиялар менен ички шаймандарын жасап жатабыз. Иштетип, колдонуп, толук текшерүүдөн өткөрүп, анан алып чыктык».

«Маткасымов» компаниясы экологияны коргоо, бензинге болгон көз карандылыкты жоюунун бир жолу катары электомобилге өтүүнү сунуштайт.

Жакында буйрутма берген бардык жерлерге Supercharger аппараты орнотулуп, өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат.

Copyright © 2017 Maral FM