Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлери үчүн салынып жаткан үйлөр быйыл бүтөт

Коом | 1 Фев 2022 | 1246 | 0

Кыргызстанда турак жайга муктаж болгон маданият кызматкерлери үчүн атайын үйлөр салынып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кабарлады.

Мындан тышкары быйыл маданият тармагында иштеген адистердин айлыгы жогорулатылды. Мекеме креативдүү эстеликтерди орнотуу, туризмге өзгөчө көңүл буруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат.

Алты тармакты камтыган министрликтин ишин алдыга жылдыруу үчүн бир топ долбоорлор быйыл иштей баштайт. Алардын бири маданият кызматкерлерине турак үй салуу улантылат.

«Анкара көчөсүнө 2018-жылы 4 үй куруп баштаганбыз. Азыркы учурда 2 үйдүн пайдубалы тургузулуп, бир үйдүн экинчи кабатына чейин бүткөн. Азыр эки үйдү бүтүрүү боюнча Өкмөттө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үйлөр турак жайга өтө муктаж болгон маданият кызматкерлерине берилет. Айрым батирлерди сырттан келген кызматкерлерге убактылуу беребиз. Калганын ижарага берген компаниялар менен сүйлөшүп жатабыз. Азыр шарттары оңой болуп калды. 4 пайызга түшүп, 35 жылга берилип жатат. Ошондо айына 10 миңден 13 миңге чейин төлөнүп калат. Кызматкерлер менен сүйлөшсөк, баары даярбыз деп жатышат. Мындан ары ижарага берген компаниялар менен иштешебиз», — деди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов.

Былтыркы жылы театрларда 40тан ашык спектакль коюлуп, андан жалпы 24 млн сомго жакын каражат түшкөн. Улуттук тарых музейине 22 миңге жакын көрүүчү кирип, атайын эсепке 2 млн сом чогулган. Өлкө аймактарында 13 миңге жакын тасма коюлуп, 285 миңден ашык көрүүчү кирген. Мындан түшкөн акча 3 млн сомдон ашкан.

2021-жылы миллиондон көп адам китепканадан китеп окуган. Бул өлкө калкынын дээрлик 16%ын түзөт. Жалпы өлкө боюнча учурда 1 066 китепкана иш алып барууда. 2022-жылга карата китепканалар электрондук түргө өтүп, 25%ы интернет менен камсыз кылынат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өткөн жылы министрлик тарабынан жогорку деңгээлде улуттук жана эл аралык мааниде өткөрүлгөн иш-чараларды санап берди. Мындан сырткары ал алдыда дагы кандай долбоорлор даярдалып жатканын кошумчалады.

«2021-жылы Кусеин Карасаев, Бишкек баатыр, Панфилов, Жусуп Абдрахмановдун жана дарыгерлердин жаркын элесине арналган эстеликтер тургузулган. 2022-жылдагы чоң пландарыбыздын бири: Бишкек же башка шаарларды элестеткен креативдүү эстеликтерди орнотуу. Мындан сырткары дагы көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры февраль айында ачылып, «Манастын уулу Семетей» спектакли жаңыртылган форматта көрүүчүлөргө тартууланат. Ал бүткөндөн кийин Ч. Айтматов атындагы орус драма театры оңдоого жабылат. Анын тегерегиндеги тамак-аш жайлар тазаланып, оңдоого даяр болду. Ушул айда тендер жарыяланат. Ал эми Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуш Өзбекстан тараптан аткарылып, 5 млн доллар каражат жумшалат. Июнь-июль айында өзбек тарап менен бирге ачканы турабыз».

2021-жылы министрлик 48 радиоканалга, 106 телеканалга, 837 телерадио операторго — жалпы 996 уруксат кагаз берген. Андан тышкары жыл бою жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде декабрь айында мурда эскертүү берилген жана айып пул салынган 5 телеканалдын иши убактылуу токтотулган.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, ЖМК кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүлөт.

«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон. Байсалов өткөргөн жыйынга мамлекеттик телерадио компаниялардын жетекчилери да катышкан. Ошол жерде айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК, ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет жасашат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен. Баарыбызга белгилүү болгондой, 1-апрелден баштап бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат. Ал эми мамлекеттик ЖМКлардын кызматкерлеринин маянасын жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси Министрлер кабинетинде каралган».

2020-жылы Кыргызстанга 2 миллиондон ашык турист келсе, 2021-жылы алардын саны 5 миллиондон ашкан.

Министрдин орун басары Самат Шатманов учурда туристтердин коопсуздугун сактоо боюнча атайын стандарт кабыл алынганын билдирди.

«Коопсуздук боюнча улуттук стандарт кабыл алынган. Анын алкагында коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча бир топ иштер мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бардык эс алуучу жайлар тийиштүү нормаларды сактап иш алып барууда. Ал эми жол көрсөткүчтөр тууралуу айтсак, алар боюнча да комплекстүү иштер жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү планда каралган. Биринчи кезекте келген эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү керек. Быйылкы жылдын эсебинен 23 жол көрсөткүч коюлду. Ушул жылы электрондук түрдө QR-code аркылуу да жол көрсөткүчтөр коюлушу пландалып жатат. Мындан сырткары февраль айында кышкы туристтик сезонго байланыштуу бир нече иш-чара өткөрүлөт».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлорунун арасында байге фонду миллион сомду түзгөн сынак жарыялайт. Сынакка жөнөтүлгөн берүү, уктуруу, макала Кыргызстандын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын мыкты чагылдырышы шарт. Сыйлыктар төмөнкү номинациялар боюнча каралат:

— Мыкты телепрограмма/телеберүү;

— Мыкты радиоберүү/тематикалык берүүлөрдүн сериясы;

— Мыкты макала/басылмалардагы макалалар сериясы;

— Мыкты макала/электрондук ЖМКдагы жарыялоолор сериясы;

— Мыкты жарыялоо/социалдык медиадагы жарыялоолор, роликтер сериясы.

Copyright © 2017 Maral FM