Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда биринчи жолу электромобиль кубаттоочу аппарат жасалды

Блог , Маек | 2 Фев 2022 | 16634 | 0

«Маткасымов» компаниясы Борбор Азияда биринчилерден болуп электромобиль кубаттоочу Supercharger аппараттарын чыгарды. Аны соода борборлоруна жана башка стратегиялык имараттарга орнотуп берүү үчүн алгачкы келишимдер түзүлдү. Маткасымов компаниясы экологияны коргоо, бензинге болгон көз карандылыкты жоюунун бир жолу катары электомобилге өтүүнү сунуштап келишет. Бирок ага тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүктөн, унаанын бул түрү кеңири жайылган эмес. Учурда жүрүп жаткан иштерди, жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү жакындан билүү максатында «Маткасымов» компаниясынын негиздөөчүсү Убай Маткасымов маек курдук.

— Электромобиль кубаттоочу Supercharger аппараттарын өндүрүп чыгарууга кандай муктаждык болду?

—  Электромобиль кубаттоочу аппараттар — дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы технологиялардын бири. Азыр дүйнө жүзү электромобилге өтүп жатат. Бирок Кыргызстанда инфраструктура жеткиликтүү деңгээлде өнүккөн эмес. Алдыда бул нерсеге чоң суроо-талап болот. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп, киришип жатабыз. Өзүбүздү Кыргызстанда инновациялык компания катары көрсөткүбүз келет. Азыр да келе жаткан технологиялардын алдын алып, электромобиль кубаттоочу аппараттарды жасап чыгаруудабыз.

—  Электромобиль кубаттоочу аппараттар кайсы жерлерге орнотулат же канча компания буйрутма берди?

— Бишкектеги «Планета электроники» жана «Техно Дом» сыяктуу чоң соода түйүндөрү буйрутма берип жатышат. Андан сырткары электромобиль кубаттоочу эки аппаратты орнотуу үчүн NOVOTEL мейманканасы менен келишим түзүлдү. Биз бул кубаттоодон акча таппайбыз, болгону ошол аппараттарды сатып, орнотуп беребиз. Биздин негизги ишибиз: өндүрүп чыгаруу. Кыргызстандагы чоң соода түйүндөрү жана башка стратегиялык имараттар электромобиль кубаттоочу аппараттарды орнотууга мажбур болушат. Анткени мамлекет унааларды бензинден электромобилге өткөрүү саясатын жүргүзүп келүүдө. Бул — бир учурда кеңири тарап кете турган аппарат. Муну биринчилерден болуп элге көрсөткүбүз келип жатат.

— Сиздер өндүргөн  электромобиль кубаттоочу аппараттар эмнеси менен айырмаланат, тест жүзүндө текшерип көрдүңүздөрбү?

—  Булардын жөнөкөйлөрү 7 кВт болуп, 8-12 саатта кубаттайт. Анан 22 киловаттыгы бар, ал 3,5 сааттан 7,5 саатка чейин кубаттаса, ылдам кубаттоочу аппараттар 30 минутадан 1,5 саатка чейин кубаттайт. Ошондой эле көп электромобилдин кубаты 300 километрден 700 километрге чейин жетет. Ошондуктан орто жолдо кубаты түгөнгөн электромобиль үчүн унаа жолдорго да коюлушу керек болот. Бул бат кубаттоочу аппараттар Борбордук Азияда өнүккөн эмес. Башка компаниялар менен да кызматташып, болушунча кымбат жабдуулар менен, сапаттуу технологиялар менен ички шаймандарын жасап жатабыз.

— Аппарат жасоодо кайсы өлкөнүн технологиясы, тетиктери колдонулуп жатат?

— Европадан акыркы чыккан технологияларды кантип иштетүү боюнча Украина менен тажрыйба алмаштык. Учурда Украинадагы эң алдыңкы компаниялар менен кызматташып жатабыз.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM