Биз менен байланышыңыз

Быйыл дыйкан-фермерлерге насыя берүү 6%дан ашпайт

Коом , Экономика | 1 Фев 2022 | 749 | 0

Быйыл «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбооруна бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, анын алкагында жеңилдетилген насыя берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 474 млн сом бөлүнөт. Долбоор айдоо-себүү иштерин өз убагында бүтүрүү үчүн жеңилдетилген насыя менен камсыздоону максат кылат.

Жогоруда айтылган маселелер боюнча айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров буларга токтолду:

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп турат. Быйыл 474 млн сом каралды. Ал эми фермерлерге бериле турган насыялардын жалпы суммасы 4-5 млрд сомго жетет. Мал чарбасы менен алектенгендерге насыя 3 жылга чейин берилет. Былтыркы «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунда насыянын пайыздык чени 6-10 болсо, быйыл 6 пайыз менен гана берилет. Мындан сырткары мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенгендерге мурун 150 миңден 1 млн сомго чейин насыя берилсе, быйыл 300 миңден 3 млн сомго (күрөөсүз) көбөйтүлдү. Тамак-аш жана өнөр жай ишканаларына өткөн жылы 1 млн сомдон 15 млн сомго чейин болсо, эми 500 миңден 20 млн сомго жогорулатылды».

Насыяны 6%дык ченден ашырбоо, дыйкан-фермерлер, малчылар үчүн 3 жылдан кем эмес убакытка берүү талап кылынды. Мындан тышкары ушундай эле пайыздык чен менен үрөн чарба, балык чарба, малды жасалма жол менен уруктандыруу, тамак-аш жана өнөр жай өндүрүшү үчүн 5 жылга насыя берүү да каралды.

«Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев долбоор аркылуу насыя алуу үчүн көбүнчө мал баккан фермерлер кайрыларын айтты.

«Былтыркы жылы банк тарабынан 2 миллиарддан ашык сомго насыя берилген. Насыя алуучулардын саны 4,5 миңден ашкан. Анын ичинен 50 пайызы мал чарбасына, 15 пайызы өсүмдүк өстүрүү тармагына, 20 пайызы кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берилди. Быйылкы жылы да банк долбоорду ишке ашыруу үчүн активдүү иштөөнү улантат. Жыл башынан бери 8 миңден ашык кардар электрондук кезекке турду. Учурда биринчи кезекке тургандар боюнча документтер чогултулууда».

Долбоорду ишке ашыруу Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк жана коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлөт.

«РСК Банктын» өкүлү Улан Ашимов 2021-жылы 4 миңге жакын жаранга 2 млрд сомдон ашык насыя берилгенин маалымдады.

«Насыя негизинен мал чарба, дыйканчылык жана кайра иштетүү тармактарында иш алып баргандарга берилди. Быйыл да бул суммадан кем эмес насыяларды берүүнү пландап жатабыз. Быйыл насыялар Финансы министрлиги менен тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан кийин бериле баштайт. Биздин банк өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан. Насыя алуучулар тийиштүү документтерди чогулткандан кийин банктын бардык бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Мындан сырткары насыя алуу боюнча кандайдыр бир суроолору болсо, банктын бардык бөлүмдөрүнө барып, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар».

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан бери иштеп келет. Долбоор ишке киргенден баштап насыя берүүнүн жалпы каржылоосу 47 млрд сомго жетти. Анын алкагында 110 миңден ашык адамга насыя берилген.

Copyright © 2017 Maral FM