Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан төрт адам каза болду

Кыска кабар | 31 Янв 2022 | 264 | 0

Кыргызстанда 31-январга карата коронавирус 205 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 123, Чүй облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 23,Баткен облусунда – 13, Жалал-Абадс облусунда – 10, Талас облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 2, Нарын облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада коронавирустан төрт кыргызстандык каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Ал эми илдеттен жуккан 2 миң 880 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM