Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыска кабар | 29 Янв 2022 | 209 | 0

Бүгүн, 29-январь, саат 10:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады. 

28-январда болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан жана Тажикистандын биргелешкен комиссиясынын жумуш алып барышы пландаштырылган.

Кыргыз тарап чек арага алып келинген кошумча күч каражаттарын мурдагы жайгашкан жайына алып кетишти.

Чек ара тарамдары штаттык режимде кызмат өтөп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM