Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна барды.
Бүгүн анда ыкчам кеңешме өткөрүлөт.
Чек ара кызматы 28-январь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.
Түн тынч өттү. Баткендин Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.