Кыргызстанда 28-январга карата беш бейтап коронавирустан каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 867ге жетти.
Соңку суткада дагы 356 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 216,
Чүй облуунда – 88,
Ысык-Көл облусунда – 14,
Жалал-Абад облусунда – 14,
Баткен облусунда – 12,
Талас облусунда – 5,
Ош облусунда – 4,
Ош шаарында – 3 адамдан илдет табылган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 197 миң 437 адамга коронавирус жукту.
Акыркы суткада 604 адам илдеттен сакайып чыкты, жалпы айыккандар 185 миң 771 киши.