Чек ара кызматы 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.
Түн тынч өттү. Баткендин Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Такталган маалыматтар боюнча, 27-январда Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да кайра ачылган.
Андан көп өтпөй, саат 19:35тер чамасында тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын чек ара тозотторун көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашышкан.