Биз менен байланышыңыз

Жапаров чек арадагы маселе сүйлөшүү жолу менен чечилерин айтты

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 581 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүүсүн 28-январда саат 03:00дө «Фейсбук» жана «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады.

Анда Жапаров: «Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула», — деп жазды.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да кайра ачылган.

Андан көп өтпөй, саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Соңку маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү үчүн эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Анда:

— ок атууну токтотуу;

— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;

— Баткен-Исфана жолун ачуу;

— чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштурууну макулдашты.

Мындан сырткары Баткен-Исфана жолунда унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатканы кабарланды.

Түнкү саат 02:00дө дагы үч жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасына «Тез жардам» кызматы аркылуу жеткирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын экөө денесинин ар кайсы жеринен жараат алса, үчүнчүсү октон жараат алган. Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Чек арадагы жаңжалда жалпысынан 11 жабырлануучу ооруканага жаткырылды. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM