Биз менен байланышыңыз

Бишкекте электр унааларын кубаттоочу станциялар ачылды

Коом , Экономика | 27 Янв 2022 | 564 | 0

«Элкуб» компаниясы Бишкек шаарына электр унааларын кубаттоочу 10 станция ачып, учурда анын бешөө толук кандуу ишин баштады. Алар шаардагы соода борборлорунун жер төлөсүңдө жана сыртында жайгашкан. Айдоочулар бул жайларга атайын картанын негизинде гана кире алат. Учурда ар бир электромобиль айдоочуларга карталар таратылып бүттү.

Электр унааларды кубаттоочу станциялардын даректери:

  • «Томми Молл» соода борбору;
  • «Азия Молл» соода борбору;
  • «Ала-Арча» соода борбору;
  • «Технопарктагы», Бишкек ЖЭБдеги, Жал кичирайондагы «Фрунзе» гипермаркети;
  • Бишкек ЖЭБдеги, Лев Толстой жана Медеров көчөлөрүндөгү «Глобус» гипермаркети;
  • «Интермедиа» бизнес борбору.

Компаниянын директору Дүйшөн Казакбаев учурда электр унааларын кубаттоочу станцияларга келгендердин саны көп болуп жатканын айтты.

«Elkub компаниясы электромобилдерди сатуу жана алган кардарларга шарт түзүү үчүн кубаттоочу станцияларын салып жатат. Орнотулган станциянын мүнөздөмөлөрү: кубаттуулугу — 7 кВт/саат; токтун күчү — 32 ампер, 220 вольт; кубаттоо ылдамдыгы – саатына 30-40 чакырым. 

Мисалы, 24 кВт батарейкасы бар Nissan Leaf электромобилдерин нөлдөн баштап 3,5 саатта кубаттоого болот. Бүгүнкү күндө келген адамдардын саны көп болуп жатат. Буйруса, бир жуманын ичинде кубаттоочу станцияларга картасыз кирүү үчүн керектүү шарттар даяр болот. Учурда шаарда жаңы кубаттоочу станцияларды орнотуу уланууда».

Дүйшөн Казакбаев булардан тышкары жакын арада кубаттоо тарифтери боюнча маалыматтар жарыяланарын кошумчалады.

Бишкек шаарынын санитардык экологиялык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы адиси Жусупбек Жакыпов борбор калаада электр унааларынын көбөйүшү экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөрүн белгиледи.

«Бишкек шаарындагы экологиялык абалды эске алуу керек. Электр унааларынын санын көбөйтүү экологияга зыянын тийгизген түтүндүн азайышына себеп болот. Бул унаалар Кыргызстанда көбөйүшү керек. Шаардын экологиясын сактап, жарандарга жашоо мүмкүнчүлүгү үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү керек. Мындан сырткары бардык жарандарды электр унааларына өтүүгө чакырам. Ошондой эле бул мамлекеттин экономикасына чоң салымын кошот деген ишеничтебиз. Мамлекет дайым мындай долбоорлорду колдоп, жардам көрсөтүүгө даяр».

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылдын он айында Кыргызстанга жүздөн ашык электромобиль унаасы алып келинген.

Tesla Cente Bishkek ишканасынын директору Кумарбек Жамалидин уулу электр унааларын кубаттоочу станцияларды жайылтуу менен айдоочулардын да санын көбөйтүү мүмкүн экенин, бул күйүүчү майга болгон муктаждыкты бир аз болсо да жоюуга жардам берерин белгиледи.

«Мен колдойм. Бул Кыргызстандын электр унааларына өтүүсүнө түздөн-түз жардамын берет. Бизге «Электр унааларын каерден кубаттайбыз?» — деп кайрылган жарандар көп кездешет. Эгерде станциялар көбөйсө, унааларды алган адамдардын саны да өсөт. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлүшүнө чоң таасирин тийгизет. Нефть, күйүүчү майга болгон муктаждыктын бир аз болсо да жоюлушуна жардам берет. Мүмкүн болсо эртерээк бул унааларга өтүү керек. Мындан сырткары мындай электр унааларды кубаттай турган станциялар мамлекет тарабынан да курулса жакшы болот».

Учурда шаарда жаңы кубаттоочу жайларды орнотуу, алардын ишин жөнгө салуу уланууда.

Өткөн жылы Кыргызстанга 8 өлкөдөн электромобилдер келген. Алардын 36сы Кытайдан, 23ү АКШдан, 21и Литвадан алынган. Бул унаалардын баасы орто эсеп менен 12 миң доллардан башталат.

Copyright © 2017 Maral FM