Биз менен байланышыңыз

Мектептерге электрондук кабыл алуу 11-апрелде башталат

Коом | 26 Янв 2022 | 1730 | 1

2022-2023-окуу жылы бардык билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы балдарды кабыл алуу «Мектепке электрондук кабыл алуу» системасы аркылуу ишке ашырылат. Бул системаны ишке киргизүүнүн негизги максаты: ар бир баланын билим алууга болгон укугун жана мүмкүнчүлүгүн камсыздоо. Электрондук кабыл алууда Кыргызстандын аймагындагы эле эмес, чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн да жеңилдиктер каралган.

Балдарды мектепке электрондук кезек менен кабыл алуу аракети 3 жыл мурун башталган. Бирок натыйжасын берген эмес. Быйылкы окуу жылынан тарта балдарды 1-класска электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде ишке ашырылат.

Системанын иштеп кетиши үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, быйылкы электрондук каттоого паспорттун көчүрмөсү, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жашаган жери боюнча маалымкатты тиркөө талап кылынбайт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова балдарды мектепке электрондук каттоодо дагы кандай жеңилдиктер каралганын айтып берди.

«Балдарды мектепке электрондук кабыл алуунун максаты: 1-класска бара турган окуучуларды каттоо, эсепке алуу жана ар бир баланын жалпы билим алууга тең укугун жана мүмкүнчүлүгүн камсыздоо. Система үч жылдан бери апробациядан өттү. Анын жыйынтыгы менен «мектепке электрондук кабыл алуу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Алсак, адам фактору мүмкүн болушунча алып салынды. Ал эми системага кирүү ушул жылдын апрель айынын экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып июнь айынын акыркы жумасына чейин жүргүзүлөт. Аскер кызматкерлеринин, этникалык кыргыздардын (кайрылмандар), билим берүү уюмдарында бир жылдан кем эмес иштеген мугалим жана кызматкерлердин балдарына артыкчылык берилет».

Ата-энелер балдарын мектепке берүүдө электрондук кезек алуу менен катар эле мектепке түз барып да кезекке тура алышат. Мындан сырткары чет өлкөдө жүргөн ата-энелер да балдарын электрондук түрдө кезекке каттай алат.

Быйыл балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү, экзамен, тест, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын долбоорду ишке ашыруу башкармалыгынын эксперти Азамат Календеров мектепке электрондук түрдө катталуунун жол-жобосун түшүндүрдү.

«Мурда мектепке электрондук катталуу үчүн ата-эненин паспорту, баланын күбөлүгү ж.б. документтерди сүрөткө тартып же сканерден өткөрүп тиркеши керек болчу. Ал эми азыр ата-энелер системага паспортундагы ИНН-номерин, айрым маалыматын жана баланын күбөлүк номерин гана киргизип, каттоодон өтөт. Логин же паролун унутуп калса, азыркы соцтармактагыдай эле «паролумду унутуп калдым» деген бөлүмгө кирип, кайра калыбына келтирип алса болот».

Мектепке электрондук кезекке турууда орун калбай калса, башка мектепке кабыл алуу үчүн кезекке турса болот. Ошондой эле каттоого үлгүрбөй, керектүү документтерди тапшырууга жетишпей калган же окуу жылы ичинде башка аймактан көчүп келген ата-энелер бош оруну бар мектепти тандап, каттоого тура алат.

Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматовдун айтымында, мектептердеги бош орундар тууралуу квота каралган. Ага жараша кезекке туруу же башка мектептен бош орундарды тандоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

«Система ата-эненин киргизген маалыматына жараша анын юридикалык жашаган жерин автоматтык түрдө аныктайт. Аныкталган юридикалык дарекке жараша мектептерди автоматтык түрдө чыгарып берет. Биринчи этап менен юридикалык паспортто жазылган дарек менен гана каттала алат. Ал эми экинчи этапта ата-эне юридикалык дарек эмес, өзү каалаган аймактагы мектепти тандай алат. Эгер ал мектепте бош орун болсо гана каттала алат. Кабыл алуу башталганга чейин ар бир мектеп 1-класска кабыл алуунун квотасын киргизет. Башкача айтканда, 1-класска канча окуучу кабыл алына турганы жөнүндө орундарды киргизет».

Мектепке электрондук каттоо системасы 11-апрелде иштей баштайт. Электрондук каттоо үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Андан кийин дарек тилкесине mektep.edu.gov.kg дарегин теришиңиз керек. Сайтка киргенден кийин туура толтуруу үчүн керектүү көрсөтмөлөр берилет.

Белгиленген мөөнөттө каттоого үлгүрбөй калган ата-энелер үчүн балдарды кабыл алуунун экинчи этабы бар. Ал 4-июлдан 26-августка чейин жүргүзүлөт. Ата-энелер бош орундары бар мектепти тандап, «Электрондук каттоо» системасы аркылуу каттоодон өтүшөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Үсөн

    25.08.2022 11:08

    Сендер все афирстер мен уулум киргизсе албай жүрөм мектепке мектепке кириш үчүн деле прездент адвокат болуш керек баары мектеп агай эже менен таныш болсо кирип калган билесиң баарын сендер отуруп алып мигранттар балдары мектепке кириш азап болуп жатат мен прездентге кайрылгандан башка айлам калбады

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM