Биз менен байланышыңыз

Казакстанда сабалган жаранга Бишкек мэриясынан 50 миң сом берилди

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 194 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Казакстандагы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковго колдоо көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага колдоо иретинде муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Эскерте кетсек, Казакстанда 5-январда болгон башаламандыкта жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM