Биз менен байланышыңыз

«Оптима Банктын» демөөрчүлүгү менен үч механикалык шыпыргы алынды

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 202 | 0

Борбор калаанын муниципалитети шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоо үчүн атайын техникаларды сатып алууну улантууда.

24-январда Бишкек мэриясында «Тазалык» муниципалдык ишканасына «Оптима Банктын» демөөрчүлүгү менен алынган MEP ECOVAC үлгүсүндөгү үч шыпыргыны тапшыруу аземи өттү.

Белгилей кетсек, бул долбоор эксперименталдык, тесттик сыноолордон өткөндөн кийин Бишкек мэриясы мындай механикалык шыпыргыларды көбүрөөк сатып алууну пландаштырууда.

MEP ECOVAC — чаң соргуч сыяктуу автоматташтырылган жабдуу. Ал кол шыпыргыдан 10 эсе тез шыпырат. Капталындагы шыпыргынын (щётка) эни 730 мм, ортосундагы шыпыргынын эни 500 мм келип, саатына 3 км жолду тазалай алат. Таштанды контейнеринин көлөмү 30 литр, ал эми жабдуунун өзүнүн салмагы 25 кг болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM