2021-2026-жылдарга Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 Жарлыгы менен бекитилген.
Ал 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашырууга багытталган.