Биз менен байланышыңыз

ИИМ Болот Темиров бошотулганын билдирди

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 288 | 0

Тemirov LIVE телеканалынын журналисти Болот Темиров өлкөдөн эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу 23-январда ички иштер министрлигинин өкүлү Сапарбек Аманкулов митингге чыккан журналисттерге билдирди.

ИИМдин имаратынын алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен тынчтык митинги өтүүдө. Ага журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышып жатат.

20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган.

22-январда күч органдары анын иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM