Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 787 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 164 | 0

Кыргызстанда 23-январга карата коронавирус 787 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 512, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 154, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 42 жана Баткен облусунда — 29 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1162 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 959 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 394 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 182 миң 928 киши айыгып чыкса, 2 миң 849 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM