Connect with us

Монополияга каршы агенттик бензиндин баасынын кескин өсүшүнө жол бербейт

Коом , Экономика | 20 Янв 2022 | 833 | 0

Кыргызстанда быйыл күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы кымбаттаары болжолдонууда. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылы бензин төрт сомго, ал эми дизель алты сомго көтөрүлүшү мүмкүн.

Мындан бир ай мурун Орусия 2022-жылы Кыргызстанга 650 миң тонна күйүүчү май жана 550 миң тонна дизель отунун бажы алымы жок берери маалым болгон. Былтыр Москва Бишкекке 460 миң тонна күйүүчү май жана 485 миң тонна дизель майын жиберген.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов күйүүчү май бир ай ичинде дагы кымбаттай турганын айтты. Анын себеби Орусияда күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөнү менен байланыштуу.

«Бүгүнкү күндөгү күйүүчү-майлоочу майга карата баанын өсүшү — 2020-жылдын аягында башталган дүйнөлүк тенденциянын уланышы. Бул көрүнүш 2022-жылдын орто ченине чейин созулушу мүмкүн. Азыркы учурда Кыргызстан толугу менен көз каранды мамлекет. Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиядан импорттойт. Акыркы айды алсак, Орусиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор бизге саткан күйүүчү майдын 1 тоннасын 110 долларга, ал эми дизель отунун 130 долларга көтөрүштү. Бул таңкыстык дүйнө жүзүндө болуп жатат. Ал эми бизде коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бензиндин баасы арзан».

Ассоциациянын маалыматы боюнча, учурда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнүн кошумча факторлору төмөнкүлөр:

— ОПЕК+ өлкөлөрүнүн макулдашуулары боюнча өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү;

— акыркы эки жылдагы блокададан улам мунай секторуна инвестициянын олуттуу кыскарышы;

— ОПЕК+ өлкөлөрүндөгү геосаясий кырдаал. Казакстандагы нааразылык акциялары темир жол байланыштарын үзүп, өлкөдөгү эң ири «Теңиз» кени зыянга учурагандан кийин баалар 5%га өстү.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкери Ынтымак Осмонов күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын өсөрүн тастыктады. Ошол эле учурда негизсиз, кескин көтөрүлүп кетүүсүнө жол берилбей турганын кошумчалады.

«Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өзүнүн ыйгарым укугунун алкагында баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн бир топ иш-чаралар жасалууда. Агенттик жума сайын мониторинг жүргүзүп, чыгымдарды кыскартуу боюнча сунуштарды берип жатат. Бензиндин жана дизелдин кымбатташына байланышкан бүгүнкү маалымат боюнча бир-эки күндүн ичинде жыйын өтөт. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик, Нефтетрейдерлер ассоциациясы, ошондой эле май менен иштеген компаниянын өкүлдөрү, ишкерлер катышат. Жыйын бүткөн соң бул тууралуу толук маалымат берилет».

Өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү 10 завод бар. Алардын эң ириси «Токмок» жана «Жунда» заводдору оңдоодон толук өтүп ишке кирсе, Кыргызстан өзүн өзү күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кыла алат. «Жунда» заводу жылына 800 миң тонна, «Токмок» заводу 400 миң тонна күйүүчү-майлоочу майды иштеп чыгат.

Ал эми Соода институтунун директору Кеңеш Алымбеков мындай кырдаалдан чыгып кетүү үчүн мамлекет башка альтернативдүү жолдорду колдонуу керектигин айтат.

«Орусия — ОПЕКке кирген мамлекеттердин эң негизги оюнчуларынын бири. Орусия эки-үч жылдан бери нефтини кайра иштетип чыгарууну азайтуу боюнча чечим кабыл алган. Бир чети бул чечим да туура. Себеби жаратылыш ресурсу болуп жаткандан кийин, бир нече жылдын ичинде азайып, же такыр түгөнүп калышы да мүмкүн. Бирок ошол эле учурда керектөөчүлөр көбөйүүдө. Баалардын өсүп жаткан учурунда мамлекет альтернативдик жолдорду жана кошумча унааларды колдонушу керек. Элди бензин кымбаттайт экен деп эле дүрбөлөңгө салбоого чакырат элем. Негизинен бул — объективдүү, рынок шартында экономиканын мыйзам ченемдүү көрүнүшү».

Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Орусиядан алып келинсе, 200 тоннасын ички заводдор камсыздайт.

Күйүүчү май былтыр апрель айында эле 5 сомго чейин кымбаттаган.

Copyright © 2017 Maral FM